• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 27 жаштагы кыз "Достук" мейманканасынын 7-кабатынан кулап, каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 05.05.22. /Кабар/. Бишкекте 3-майда 27 жаштагы кыз белгисиз жагдайда "Достук" мейманканасынын 7-кабатынын балконунан кулап кеткен. Ал алган жаракатынан улам тез жардам келгенге чейин ошол жерден каза болгон.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы агенттикке билдиргендей, ал 1995-жылы туулган М.И. аттуу кыз болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий