• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 800дөй спортчунун катышуусунда каратэ-до боюнча эл аралык турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Бишкектин “Газпром” спорттук-эс алуу комплексинде 10-12-февраль аралыгында WKF каратэ-до боюнча Bishkek Open-2023 XV эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты – өлкөдө каратэни жайылтуу жана өнүктүрүү, коңшу мамлекеттердин достук байланышын чыңдоо, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана машыктыруучулардын тажрыйба алмашуусун өнүктүрүү болуп саналат.

Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Россиядан келген 26 команда катышкан. Жаш курактары 5 жаштан 18 жашка чейинки жана андан улуу 800дөн ашык спортчу күчүн сынады.

Командалык эсепте турнирдин жыйынтыгы төмөндөгүдөй:

1-орун – "Кейхатсу" клубу Бишкек - 19 алтын, 13 күмүш, 37 коло медаль;
2-орун – Жамбыл облусунун командасы (Казакстан) - 15 алтын, 10 күмүш, 16 коло медаль;
3-орун – Чымкент шаарынын командасы (Казакстан) - 11 алтын, 15 күмүш, 18 коло медаль.

Пикир

Оставить комментарий