• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте альпинизм боюнча ачык чемпионат өтөт

Спорт 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Бишкекте 18-21-март аралыгында "On The Wake" экстремалдык борборунда (Анкара көчөсү 1/31) альпинизм боюнча мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдеш, бийиктикке ылдамдыкта чыгуу, тоскоолдуктар менен чыгуу жана боулдеринг боюнча болот.

"Мелдештер Бишкек шаарынын күчтүү спортчуларын аныктоо үчүн шаардын жана республиканын курама командаларынын рейтингин жана курамын бекитүү үчүн уюштурулууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой, мелдешке 2005, 2006-2007, 2008-2009, 2010-жылдары төрөлгөн өспүрүмдөр катышат.

Чемпионат Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын альпинизм, аскага жана музга чыгуу федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Жеңүүчүлөр дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

Кошумча маалымат алуу үчүн: 0703047917 - Наргиза Дербишева.

Пикир

Оставить комментарий