• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте дагы бир автобус каттамга чыкты

Коом 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Кечээ, 20-февралдан тарта Бишкек шаарында №19 автобус каттай баштады.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, автобус Ак-Ордо конушунан Кустанай көчөсүнө чейин жүрөт. Анын узундугу 36,6 чакырымды, интервалы 10 мүнөттү түзөт.

Линияда 11 автобус бар.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы Кытайдан газ менен жүрүүчү 120 жаңы автобус сатып алган. Алар 156 маршрутканы алмаштырат.

17-февралда автобустардын биринчи партиясы, тагыраагы 50 автобус каттамга чыгып, бекитилген маршруттар боюнча №38, 42, 48 автобустар жүргүнчүлөрдү тейлей баштаган.

Пикир

Оставить комментарий