• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстан менен Сербиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтүүдө

Саясат 0


Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. "Ала-Арча" резиденциясында Кыргызстан менен Сербиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Ивица Дачичтин жолугушуусу өтүүдө.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары саламдашып, чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин тар курамда сүйлөшүү залына киришти.

Белгилей кетсек, тар чөйрөдөгү жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу ниетин билдиришкен.

Сербиянын биринчи вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Ивица Дачич күн мурун, 5-апрелде Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Анын алкагында кыргыз-серб кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулоо максатында Кыргызстандын жогорку жетекчилиги менен жолугушуулар өтөт

Пикир

Оставить комментарий