• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте маршрутканын айдоочусу эс-учун жоготуп, мамыны сүзгөн. Жети адам жабыркады

Кырсык 0


Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Манас проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде №132 маршрутканын айдоочусу мамыны сүзгөн.

“Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча, айдоочу өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон.

Маршрутка жолдон чыгып кетип, мамыны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркаган.

Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда. Териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий