• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте теракт жасайм деген чет элдиктерди тосуп ала турган кыргызстандык кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Бишкекте айт намаз учурунда теракт жасоого аракет кылган чет элдиктерди тосуп ала турган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Жалал-Абадда 9-июлда “Катиба аль Таухид валь-Жихад” эл аралык террористтик уюмунун активдүү колдоочусу Р.Ж., аттуу кыргызстандык кармалды. Ал ушул жылдын 7-июлунда борбор калаада кармалган Сириядан келген эки чет элдик согушкерди тосуп алып, бүлүнтүү жана террордук аракеттерди жасоону ишке ашырууда аларга жардам бермекчи болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран узак убакыт бою чыгыш мамлекеттеринин биринде жүргөнү, ал жерде анын Кыргыз Республикасында кылмыштуу ишмердүүлүгүн координациялап турган тууганы тарабынан радикалдык-экстремисттик идеологияга аралашканы аныкталган. Ошондой эле кармалган кыргызстандык Сирияда атайын террористтик даярдыктан өткөн деген ыкчам маалымат бар.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган адам УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Аталган террордук топтун башка тарапташтарына карата ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, кармалган террордук уюмдун мүчөлөрү Кыргызстанга ушул жылдын 9-июлунда айт намаз убагында террордук акт жасоо максатында келишкен.

Пикир

Оставить комментарий