• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги мектептерде шаардын тазалыгын сактоо боюнча сабактар ​​өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.09.23./Кабар/. Бишкек шаарындагы мектептерде шаардын тазалыгын сактоо боюнча сабактар ​​өтүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Таалайгүл Темирканова менен "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев №42 мектепке барышты.

Аталган мектептин окуучуларына "Тазалык менден башталат!" деген темада ачык сабак өтүлүп, анын жүрүшүндө тазалык темасында кызыктуу маалыматтар айтылды. Ошондой эле окуучулар “Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин иши жана таштандыларды кайра иштетүү боюнча суроолорго жооп алышты.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө таштандыларды чыгарууда эрежелердин жана мөөнөттөрдүн сакталышын көзөмөлдөө, орнотулган таштанды челектеринин тазалыгын сактоо максатында мектептин аймагы текшерилди.

Белгиленгендей, иш-чаралар өсүп келе жаткан муундун сүйүктүү шаарына болгон камкор мамилесин, анын тазалыгын сактоо максатында уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий