• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Кыргызстанда дем берүүчү гранттын эсебинен 439 долбоор ишке ашырылат

Экономика 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда дем берүүчү гранттардын эсебинен 439 долбоор бекитилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфратүзүм объекттерин (социалдык объекттер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер ж.б.) жакшыртуу максатында 2024-жылга "Дем берүүчү гранттар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен 1 млрд 500 млн сом каралган.

Буга байланыштуу финансы министринин биринчи орун басары Руслан Суйналиев баштаган комиссиялык отурумдун жыйыны болуп өттү. Анда 2024-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен ишке ашырылуучу 439 долбоор бекитилди.

Маалымат үчүн: Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

Пикир

Оставить комментарий