• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Быйыл окуу жылы качан аяктары айтылды

Коом 0

Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. Быйыл окуу жылы 25-майда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын кол койгон буйругуна ылайык, өлкөдөгү билим берүү мекемелери 2018-2019-окуу жылын 25-майда аякташы керек.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 2019-жылдын 27-31-май күндөрү өлкөдөгү кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде билим алган билим берүү мекемелеринин окуучулары сынактарын тапшырышат.

Пикир

Оставить комментарий