• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Чаек айылындагы мектепти капиталдык оңдоо иштери жакынкы аралыкта бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Жумгал районуна болгон иш сапарынын алкагында Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

Парламенттен билдиришкендей, анда аталган мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштери толугу менен жакынкы аралыкта бүтөрү маалым болду.

Эл өкүлү текшерүү учурунда долбоордун кураторлоруна бир нече эскертүүлөрдү берди.

Эске сала кетсек, Нурбек Сыдыгалиев Жумгал районундагы бардык жаңы курулуп жаткан жана оңдоп-түзө иштеринен өтүп жаткан социалдык объекттерге республикалык бюджеттен каражат бөлүп берүүгө көмөктөшүп, иштин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий