• 88.68
  • 95
  • 0.95

Фехтование боюнча курама команда Дүйнө кубогуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Фехтование боюнча Кыргызстандын курама командасы Татарстандагы Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдеш 19-23-март күндөрү Казань шаарында өтөт.

Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар катышат:

1. Даанышман Жумабай уулу;

2. Нурлан Кулуев;

3. Жоодат Есеналиев;

4. Илим Бакытбек уулу;

5. Камиля Абдыл-Хамитова;

Белгилей кетсек, спортчулар мелдешке Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий