• 88.68
  • 95
  • 0.95

Финансы министри комбанктарды сом жана рубль аркылуу өтчү МБКнын аукционуна катышууга чакырды

Экономика 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушту, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Министр жолугушуунун багытын достук баарлашуу катары аныктап, коммерциялык банктардын мамлекеттик сектор менен өз ара аракеттенүүсү экономиканын өнүгүшүнө чоң салым кошот деп баса белгиледи.

Финансы рыногунда пайдалуу өз ара аракеттенүү инструменттеринин бири болуп "мамлекеттик баалуу кагаздар" эсептелет, алар бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң кепилденген кагаздар. Министр белгилегендей, бүгүнкү күндө КР Финансы министрлиги банк сектору менен өнөктөштүк мамилелердин негизинде кызматташууга даяр.

Иш-чаранын жүрүшүндө финансы министри тарабынан МКОлорду чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу курулуш объектилерин киргизүүнүн жаңы механизми, ошондой эле валюталык SWOP -операциялар сунушталды.

Бизнес-жолугушуунун алкагында КР Финансы министрлигинин мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы Абдан Абдыбапов катышуучуларды инвестордук программа менен тааныштырды. Анда КР Финансы министрлиги "Кыргыз фондулук биржасы" менен биргеликте 2023-жылдын 25-майында фондулук биржада мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизгендиги тууралуу айтып берди.

Эгерде ушул мезгилге чейин мамлекеттик баалуу кагаздарды (МКВ жана МКО) чыгаруу жана жайгаштыруу КР Улуттук банкынын аянтындагы аукциондор аркылуу ишке ашырылса, эми МБК кеңейтилип, биржалык финансы рыногуна чыгат.

Белгилей кетсек, 2023-жылы эки жылдык МКО жана 12 айлык МКВнын жалпы суммасы 545,14 млн.сом жайгаштырылган.

Иш-чарага финансы министринин орун басары - Борбордук казыналыктын директору Үмүтжан Аманбаев, Кыргызстан Банктар союзунун президенти Анвар Абдраев, КР Улуттук банкынын Башкармалыгынын төрагасынын орун басары - Кайып Куленбеков, "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКтын президенти-Медет Назаралиев, ошондой эле Кыргызстандагы коммерциялык банктардын төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары катышышты.

Жолугушуунун соңунда финансы министри Алмаз Бакетаев келечекте КР Финансы министрлиги мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу, чыгаруу боюнча Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасына акырындык менен толук өтүүнү пландаштырып жатканын кошумчалады.

Финансы министри коммерциялык банктарды 2023-жылдын 22-декабрында сом жана рубль аркылуу өтө турган МБКнын аукционуна катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий