• 88.68
  • 95
  • 0.95

Футзал: Кыргызстан менен Россиянын курамалары ортосунда жолдоштук беттеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстан менен Россиянын негизги жана жаштар арасындагы курама командалары ортосунда жолдоштук беттеш өттү.

U-18 курамалары арасындагы оюн 7:1 эсебинде аяктап, Россиянын командасы жеңүүчү болду. Ал эми эки команданын алгачкы оюну 4:2 эсебинде бүтүп, коноктор оюнду утуп алган.

Негизги курама командалар арасындагы беттеш 9:0 (алгачкы оюнда 6:1) эсебинде Россиянын курамасынын жеңиши менен аяктады.

Оюндар 6-7-мартта Бишкектеги “Газпром” комплексинде өттү.

Пикир

Оставить комментарий