• 88.68
  • 95
  • 0.95

Издөө! Новопавловка айылында Нурбек Баязов дайынсыз жоголду

Коом 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Сокулук райондук ИИБи тарабынан дайынсыз жоголгон 1980-жылы туулган Баязов Нурбек Шакаримович изделүүдө.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал 15-февралда Новопавловка айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 см, орточо дене түзүлүштөгү, чачы кара, тазы бар, мандайындагы тиштери алтын.

Кийимдери: кара түстөгү кышкы күрмө, кара түстөгү кышкы топу, спорттук шым, кара түстөгү гөлөч.

“Нурбек Баязовдун кайда экенин билгендер болсо төмөнкү номерлерге 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29 кайрылып коюуңуздарды өтүнөбүз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий