• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадамжайда унаа сатып алып, акчасын бербей жүргөн жаран Оштон кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Кадамжайда автоунаа сатып алып, акчасын бербей качып жүргөн жаран Оштон кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айрыбаз айылынын тургуну И. аттуу жаранга Mercedes-Bens Sprinter автоунаасын 2023-жылдын апрель айында 750 миң сомго баалашып, 400 миң сом акчасын алып, 350 миң сом акчасын ала албай жүргөнүн билдирип, арыз менен кайрылган.

Бул арыз Кадамжай райондук милициясына катталып, КР Кылмыш жаза кодексинин "Алдамчылык" беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Райондук Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чоң-Алай районунун 50 жаштагы А.И.аттуу тургуну Ош шаарынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий