• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Кадастрдын» Географиялык маалыматтык системалар жана технологиялар башкармалыгынын башчысы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Географиялык маалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы «Т.Б.» кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК (КР Кылмыш-жаза кодексинин 2017-ж.) 319-беренесинин 1-пунктунда каралган айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак-жай курууга мыйзамсыз которуу жана сатуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүк иштин алкагында, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы «Т.Б.» кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, аталган адамдын жашаган жана иштеген жерине тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында далилдөөчү негиз боло ала турган документтер табылып алынган.

Белгилей кетсек, бул факт боюнча мурда Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын мурдагы жетекчилери «Б.Б» жана «Ш.С.», Нариман айыл аймагынын мурдагы башчысы «И.Г.», Нариман айыл аймагынын башчысы «Н.Х.», коррупциялык топтун мүчөсү «Н.Х.» жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл району боюнча филиалынын убактылуу башсысы «А.М.Ж.» кармалышып, УКМК тергөө камак жайына киргизилишкен.

Пикир

Оставить комментарий