• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Көлдө 6 жашар бала жоголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 19-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 16-апрелде Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Серов көчөсүндө жашаган 6 жаштагы Бекзат Жанапилов жоголгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине баланын ата-энеси билдирди.

Анын атасы Амангелди Жанапиловдун айтымында, 16-апрель жекшембиде 13:30 чамасында Бекзат үйдүн алдында ойноп жүргөн. “Апасы терезеден аны карап коюп турган. Ал трассага карай жөнөгөнүн көргөндө, чуркап чыгып, таппай калган”, -деди ал.

Мындан тышкары Бекзат Жанапиловдун атасы баласы жакшы сүйлөй албагандыктан, үйгө карай жолду көрсөтүп бере албастыгын кошумчалады.

“Ал начар сүйлөгөндүктөн, аны дайыма карап турчубуз. Ал бир азга жоголуп, кайра табылган учурлар болгон. Бирок, бул ирет ал узакка жоголду, биз милицияга да, куткаруучуларга да кайрылдык. Алар издеп жатышат”, - деп билдирди ал.

Бул бала тууралуу маалымат билгендерди 0772 15 88 43 номерине чалып же милицияга кайрылууну суранышат.

Пикир

Оставить комментарий