• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Конституциялык реформа жасалбаса да парламенттик шайлоо 1-июлдан кечикпей жарыяланышы керек - Жапаров

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңеште айрым депутаттар тарабынан конституциялык реформа жүргүзүү демилгеленди. Айрым депутаттардын айтымында, ал боюнча тиешелүү мыйзам долбоору да сунушталууда.

Ага (каражаттын тартыштыгы деген себептер менен да) байланыштуу 20-декабрга белгиленген парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу сунушталып жатат.

Парламенттик шайлоону жылдырууну демилгелеген депутаттардын бири Акылбек Жапаровдун айтымында, алардын мыйзам долбооруна ылайык конституциялык реформа болгонго чейин “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 38-беренеси жана шайлоо болбой калса жаңы шайлоонун өткөрүү күнүн белгилөө каралган 63-берененин аткарылышын токтото туруу сунушталууда.

“Президенттин милдетин аткаруу Садыр Жапаров өзүнүн маектеринде парламенттик эмес, презденттик система болсо деген, андан кийин парламенттик шайлоодо талапкерлер бир мандаттуу жана партиялык жол менен теңме-тең шайланып келсе деген оюн айтты. Биз партиялык тизме калсын деп сунуштоодобуз. Тегерек столго отуруп, конституциялык кеңешменин негизинде бийлик бутактарынын функциялары так аныкталып бүткөндөн кийин президенттик, андан соң парламенттик шайлоонун өткөрөлү деп жатабыз”, - деди ал.

Анын айтымында, эгер парламенттик шайлоонун мөөнөтү жылдырылып калса, конституциялык реформа жасалбаса да Жогорку Кеңешке шайлоо 2021-жылдын 1-июлунан кечикпей жарыяланышы керек.

Пикир

Оставить комментарий