• 88.68
  • 95
  • 0.95

Коргоо министрлигинин жоокерлери тик учактан парашют менен секиришти

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Коргоо министрлигинин жоокерлери 30-мартта тик учактан парашют менен секиришти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Куралдуу күчтөрдүн абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн №23565 аскер бөлүгүнүн аэродромунда №52806, №52870 жана №10128 бөлүктөрүнүн жоокерлери Ми-8 МТВ тик учагынан 600 жана 1200 метр бийиктиктен парашют менен секиришти.

Аскер кызматкерлери шарттуу душманды жок кылуу максатында курал-жарактарынан абадан ок атуу жүргүзүшүп, аэродромдун чектелген аянтына конушту.

Пикир

Оставить комментарий