• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ТИМ башчысынын орун басары Кореянын Азия маданий борборунун делегациясын кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Кореянын Азия маданий борборунун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданий борборунун делегациясынын курамында борбордун директорунун жардамчысы Чжон Бонсу жана материалдык эмес маданиятты изилдөө борборунун директору Ханхи Хам бар.

Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Чжон Бонсу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте өнүгүүгө расмий жардам көрсөтүү багыты боюнча "Кыргыз Республикасында маданият ресурстарын башкаруу системасын түзүү жана кадрдык потенциалды чыңдоо" долбоорун ишке ашыруунун башталышы жөнүндө маалымдады.

Өз кезегинде, Д.Кемелова Кыргызстандын маданий жана туристтик потенциалын илгерилетүү максатында өлкөнүн бардык маданий жана тарыхый кооз жерлерин санариптик чагылдыруу менен Кыргызстандын бирдиктүү веб-сайтын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар Кыргызстандын Азия маданий борбору менен кызматташтыгына оң баа беришти жана мындан аркы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий