• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР жана КЭР Соода-өнөр жай палаталары кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашууга кол койду

Экономика 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Кыргызстан жана Кытайдын Соода-өнөр жай палаталары кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашууга кол коюшту.

КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, эки палатанын президенттери Темир Сариев менен Люй Ян Пекинде өткөн "Бир алкак, бир жол" эл аралык кызматташтыктын үчүнчү форумунда жолугушту.

Жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган документке кол коюшту. Бул макулдашуу эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, соода жана инвестициялык мамилелерди жакшыртууга, ошондой эле бизнести өз ара пайдалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.

Кытай тарап Евразиялык соода шаарын жана Евразиялык логистикалык индустриалдык паркты курууга жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий