• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Кытайдын айыл чарба багытындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Янлинь шаарында тп жаткан "30-Янлинь" айыл чарба технологияларынын көргөзмөсүнүн алкагында Кытайдын Шэньси провинциясынын жогорку даражалуу жетекчилери менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптардын лидерлери соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында туруктуулукту камсыз кылууга багытталган бир катар негизги маселелерди талкуулашты.

Эки тарап тең айыл чарба тармагында биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешип, соода-экономикалык байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө агротехнологиялар жана инновациялар жаатында тажрыйба алмашуу, айыл чарбасын модернизациялоо жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу, айыл чарба адистерин даярдоо жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташтыкты чыңдоо, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын жана тамак-аш азыктарын экспорттоо маселелери талкууланды.

Аталган жолугушуу ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында боло турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Кытай Эл Республикасынын айыл чарба министрлеринин биринчи жолугушуусунун бир бөлүгү жана Борбордук Азиядагы аймактык туруктуулукту жана айыл чарбаны өнүктүрүүнү бекемдөө жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий