• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Руанданын ортосунда дипмамилелер орнотулду

Саясат 0

Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 13-декабрда Кыргызстан менен Руанданын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева жана Руанданын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Клавер Гатете кол коюшту.

Биргелешкен коммюникенин текстинде, тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун уставын жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып, дипломатиялык мамилелерди орнотушкандыгы белгиленет.

Биргелешкен коммюникеге кол коюу аземинен кийин тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында достук мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүү, ушул жылы БУУнун органдарына шайлоого кандидаттарды колдоо көрсөтүү боюнча ниеттерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий