• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19: Акыркы суткада 9 миң 370 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 370 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 455 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 915 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 195 миң 827 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 983 миң 534 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий