• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 19 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 19 өрт кырсыгы катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Чүй облусунда 8, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 3, Баткен облусунда 2 өрт катталып, аларды өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Алсак, Москва районунун Садовое айылында Амбулатордук оорукананын көмүрканасында 37 тонна көмүр түтөгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Алай районунун Үч-Чат айылында Ш.Сатиев атындагы орто мектептин стадионунда 50 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кара-Суу районунун Мады айылында турак үйдүн короосунда аянты 125 чарчы метр болгон эки кабаттуу бастырма, 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий