• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда ККМ аппараттардын саны 78,5 миңге жетти

Экономика 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Салык кызматынын атайын салыктарды контролдоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Тынарбек Кошматов "Биринчи радионун" эфиринде жыл сайын өзүнүн соода ишмердигинде контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонгон ишкерлердин саны өсүп жаткандыгын билдирди.

Анын айтымына караганда, 2024-жылдын 1-апрелине карата өлкө боюнча ККМ аппаратын колдонгондордун саны 78 миң 500гө жетти.

"Бирдиктүү салыктын негизинде иш алып барган стратегиялык объектилерге кирген базарларды кошпогондо, ишкерлер контролдук-кассалык машиналарды колдонууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү", — деди Кошматов.

Пикир

Оставить комментарий