• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто милиция кызматкерлери зомбулукка кабылган аялдардан кабар алышты

Аймак 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Ошто милиция кызматкерлери "Ак-Жүрөк" кризистик борборунда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар жана балдардан кабар алышып, жарандык укуктары боюнча айтып беришти.

Ош шаардык милициясынан маалымдашкандай, жетекчи Д.Асилбекова милиция кызматкерлерин аталган борбордун абалы менен тааныштырды. Учурда бул жерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган 6 аял жана алардын 5 баласы бар.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Акылбек Бекишов баштаган милиция кызматкерлери алардын жашоо-шарттары менен таанышып, жарандык укуктары боюнча айтып беришти.

"Кандайдыр бир укук бузууларга туш боло турган болсо тайманбастан, тартынбастан милиция органдарына токтоосуз кайрылуу зарыл", - деп белгиледи Бекишов.

Татаал тагдырга дуушар болуп, бул кризистик борбордо күн кечирип жатышкан аял-балдарга милиция кызматкерлери адабий окуу китептерин, шириндиктерди тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий