• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте эркек киши окуучу балага кол көтөргөн – видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Бишкекте милиция бейбаштыкка шектүү жаранды кармады.

Социалдык тармактарда видео тарап, анда мектеп окуучусуна эркек кишинин кол көтөргөнүн көрүүгө болот.

Ленин райондук милициясынан билдиришкендей, милицияга 12-апрелде Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү Айтматов проспектисинде жайгашкан билим берүү мекемелеринин биринде 7 жаштагы баласын себепсиз сабап, анын денесине залал келтирген жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт боюнча райондук милициянын Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1990-жылы туулган К.Д. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Шектүү Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий