• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 3954кө жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. 25-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 228 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 3954кө жетти.

Бишкек шаарында 113 кишиден, Чүй облусунда − 24, Ош шаарында − 32, Ош облусунда − 31, Нарында – 1, Ысык-Көлдө – 12, Таласта – 3, Баткенде − 2 жана Жалал-Абад облусунда 10 адамдан коронавирус табылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус жуктурган 228 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3954тү түзөт. Алардын ичинен 2112 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 43 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий