• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда жарым жылда 3 миңге жакын унаа кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында республиканын аймагында 3 миңге жакын жол кырсыгы катталды.

Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу кырсыктардын саны 1,3 пайызга азайган.

"Жол кырсыктарынын эң көп үлүшү Бишкек шаарына - 45%, Чүй облусуна - 19% жана Ош облусуна - 10% туура келет. Кырсыктан 4,4 миң адам жабыр тартты, бул 2022-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 5 пайызга аз, каза болгондор - 269 адам, же 8,5 пайызга көп болду", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, анын ичинен 820 учуру балдардын катышуусунда болгон. Бул өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 2,2 пайызга көп. Натыйжада 38 бала каза болуп, 981 бала жабыр тартты.

153 жол кырсыгы мас айдоочунун катышуусунда катталып, бул өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 17 пайызга азайды.

Пикир

Оставить комментарий