• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргызстандык спортчу ММА боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утуп алды – ал эмнелерге туш болду?

Спорт 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Олжобай Кудайберди уулу аралаш күрөш боюнча сүйүүчүлөр арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль утуп алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында федерациянын президенти Улукбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, турнир 11нен 18-ноябрга чейин Бахрейндин Манама шаарында өткөн. Ага 52 өлкөнүн спортчулары катышкан.

“Чемпионатта Кыргызстандын атынан эки мушкер чыкты. Алардын бири коло байгени багындырды. Ал күн сайын таразага түшүп жатты, 5 күн мелдеш болду. Бахрейндин ханзаадасы өзү турнирге көз салып турду. Спорттун аталган түрү дүйнө жүзүнө жайылууда. Атаандаштарынын даярдыгы жогорку деңгээлде болду”, - деди ал.

Федерациянын вице-президенти Абасбек Доромбаев биринчи жолу сүйүүчүлөрдүн ММАнын эки ири федерациясы - WMMAA жана IMMAF биригип, биргелешкен дүйнө чемпионатын өткөргөндүгүн кошумчалады.

“Чемпионаттын өзгөчөлүгү мушташтын алдында күн сайын спортчулар салмакка түшүп турушту. Бул IMMAF жаңы эрежелерине туура келет. Биздин мушкерлер бул турнирде жакшы жыйынтыктарга жетишти. Бирөөсү үчүнчү, экинчиси 5-орунду алды. Бирок жаракат алгандан улам катышуусун уланта алган жок. Чемпионат адилеттүү өттү. Ага олимпиадалык комитеттин өкүлдөрү катышты. 2024-жылы ММА олимпиадалык спорттун түрү болот”, - деди Доромбаев.

Федерациянын Ош облусу боюнча кеңсесинин президенти Өмүрбек Нурмаматов КРнын мушкерлери Бахрейндеги биринчиликте кандай көйгөйлөргө туш болгонун айтып берди. Анын айтымында, КРдан чемпионатка 2 эле спортчу катышса, коңшу өлкөлөрдөн 20дан ашуун спортчулар келишкен. Мунун себептеринин бири – каржылоо. Бир эле спортчуга учак билетине, жашаган жерине жана тамактануусуна дээрлик 2 миң доллар кетет.

“Эгер көбүрөөк спортчу барганда жыйынтык мындан дагы жакшы болмок. Команда жетишпей калды. Буга карабастан биздин мушкерлер мыкты жыйынтык көрсөтүштү. 20дай спортчуну алып келгендер 3-орунду дагы ала алышкан жок”, - деп белгиледи ал.

Коло медалдын ээси Кудайберди уулу өзүнүн эмес, башка салмак категориясында мындай жыйынтыкка жетишкен. Бул анын жеңишин дагы көбүрөөк маанилүү кылат.

“Мен төрт мушташ өткөрдүм. Швециялык, исландиялык, ливандык атаандаштарымды утуп, россиялык атаандашымдан утулуп калдым. Биринчи мушташ оор болду. Аны упай боюнча утуп алдым. Менин салмагым 85 килограмм, бирок 93 килограмм салмактагылар менен мушташтым. Эгерде өзүмдүн салмагым болгондон жеңишке жетмекмин”, - деп билдирди жеңүүчү.

Ошондой эле мелдешке Бактияр Наврузов катышып, бешинчи орунду алган. Ал Египеттин өкүлү менен беттешкен чыккан.

“Мен колумдан жаракат алдым. Албетте, кармаштарда жаракат аласың. Мындан эч ким кача албайт. Дарыгерлер менин жаракат алганымды байкап калып, катышууга тыюу салышты”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий