• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын фехтование боюнча курамасы Азия оюндарына даярдык көрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын фехтования боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйын өтүп жатышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, курама команда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган Азия оюндарына даярдык көрүүдө.

Спортчулардын машыгуулары менен Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов жеринен таанышып келди.

Департаменттин директору спортчулардын алдыда өтө турган Азия оюндарына мыкты деңгээлде даярданып, ийгилик көрсөтөрүнө ишенерин билдирди.

Окуу-машыгуу жыйын 16-августта башталган жана 4-сентябрга чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:
1. Роман Петров, ЭДСЧ;
2. Жоодат Эсенеалиев, СЧ;
3. Бакытбек уулу Илим, СЧ;
4. Акмаль Мойдунов, СЧТ;
5. Нурлан Кулуев, СЧ;
6. Камиля Абдыл-Хамитова, ЭДСЧ;
7. Валерий Карякин, улук машыктыруучу;
8. Александр Черных, машыктыруучу.

Белгилей, кетсек окуу-машыгуу жыйын Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга болгон окуу-машыгуу жыйындарынын календарлык планына ылайык өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий