• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстандын Россиядагы элчиси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Кечээ, 5-июлда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат мекендештер арасында руханий жана маданий баалуулуктарды жигердүү өнүктүрүп келе жаткан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, анын ичинде Аян театрынын негиздөөчүсү Айнаш Козубаева, «Ар дайым жанымда турган үй» долбоорунун негиздөөчүсү Дамира Казакпаева жана Москвадагы кыргыз маданий борборунун жетекчиси Гүлшайыр Мурзабаева менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында алдыда өтө турган иш-чаранын маселелерин талкуулашты.

Элчи Г.-К.Самат элчилик жакынкы аралыкта «Элчиликте мекендештердин балдары үчүн жайкы лагер күнүн» өткөрүүнү пландап жаткандыгын маалымдады.

“Бул иш-чаранын максаты - маданий, эстетикалык, руханий-адептик баалуулуктарды өнүктүрүү жана жаштар арасында кыргыз маданиятын бекемдөө болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, бардык пландаштырылган иш-чаралар Россиядагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий