• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкөнүн түштүгүндө 127 жеке клиниканын бирөөсү гана мыйзам чегинде иштеген – министрлик

Коом 0

Бишкек, 12.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Өлкөнүн түштүгүндө 127 жеке клиниканын ичинен бирөөсү гана мыйзам чегинде иштеген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков билдирди.

Анын айтымында, жеке клиникаларды текшерүү өлкөнүн бардык облусунда жүргүзүлгөн жок.

“Негизинен Ош, Баткен, Жалал-Абад облусу жана Бишкек шаарын камтыды. Бишкекте 177 стоматологиялык клиника текшерилип, анын 30унда лицензия болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгында ири бузуулар катталган эмес. 62 клиникада лицензиясы болгону менен, бирок одоно мыйзам бузуулар аныкталды: стоматологиялык кызмат адистер тарабынан аткарылган эмес. 21 клиниканын адистеринин аттестациялык сертификатты жок болгон. Бул учурда алар стоматологиялык кызмат көрсөтүү укугу жок. 76 клиникада медициналык кызматка берилген лицензиянын жоктугу аныкталган, бул дагы одоно бузуу болуп эсептелинет. 26 клиникада орто билимдүү стоматологдор иштейт, буга жол берилбеши керек. Ал эми тогуз клиника документтерди көрсөтүүдөн баш тартты”, - деди ал.

Садыков мындан сырткары, Ош, Баткен жана Жалал-Абадда жалпы 127 медициналык, косметологиялык жана стоматологиялык клиника жана эки окутуу борбор текшерилгенин кошумчалады.

“Лицензиясы жок 50 мекеме, бешөө ишмердүүлүгүн лицензияга ылайык жүргүзгөн эмес, 60 клиникада бузуулар катталса, бирөө гана мыйзам чегинде иштеп келген”, - деп айтат министрдин орун басары.

Ал эми саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков текшерүү учурунда жеке клиникалар өз эшиктерин жаап алып жатканын белгилеп кетти.

“18 косметологиялык клиниканы текшергенге жетишип калдык. Анын ичинен экөөсү гана анча-мынча нормаларга туура келет экен. Тогуз клиникада лицензия, адистеринин тиешелүү билими жок болгон. Чогултулган материалдарды прокуратурага бердик, алар иштеп жатат. Жеке клиникаларды заматта жаап салууга биздин укугубуз, мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ошондой эле текшерүү жүргүзүү үчүн бир-эки жума мурун эскертүү берип туруп барышыбыз керек экен. Комиссия барганда “бизде сандень” деп эшигин дагы жаап алып жатат. Биз учурда бул багытта мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизели деп жатабыз”, - деди ал.

Касымбеков жеке клиникалар тартипке келгенге чейин жарандарды ал жакка барбай турууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий