• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Үмүт булагы" коомдук фонду карылар жана майыптар үйүнө жардам берди

Коом 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын "Үмүт булагы" коомдук фонду келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктоо үчүн Төмөнкү-Серафимовкадагы карылар жана майыптар үйүнө барды, деп билдирет фонддун басма сөз кызматы.

Аталган фонддун директору Жапарова аталар жана апаларды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

"Өтүп жаткан жыл оңой болгон жок, белгилүү бир кыйынчылыктар жана түйшүктөр менен коштолду. Эч нерсеге карабай чоң үмүт менен бирге алга карай бара жатабыз", - деди ал.

Фонд белектерди тапшырып, ошондой эле социалдык мекемеге керектүү материалдык жардам көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий