• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маданият министрлигинин билим берүү тармагындагы жасала турган кадамдары талкууланды

Коом 0

Бишкек, 18.02.23./Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун төрагалыгы астында билим берүү тармагынын жетекчилери катышкан жыйын өттү.

Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, алгач тармакта жасалып жаткан иш аракеттер жана биринчи кезекте чечүүчө муктаж болгон маселелер каралды.

Алар:

– маданият жана искусство жаатындагы билим берүү тармагынын 3 милдеттүү деңгээлдүү билим берүү процессинин программаларынын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо;

– орто кесиптик окуу жайлардын балдар музыкалык, искусство жана көркөм сүрөт мектептеринин бүтүрүүчүлөрүн орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуу үчүн жер жерлерде тандап алууларды жүргүзүү;

– жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн маданият мекемелерине кызматка жайгаштыруу маселесин тактап чыгуу;

– жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттери менен окууну бүткөндө мекемелерде иштеп берүү талабы менен 2023-2024-окуу жылына студенттерди кабыл алуу;

– мекемелерде коррупциялык тобокелдиктердин жана схемалардын пайда болуусун алдын алуу боюнча окутуу жана ар кандай маселелер суроо-жооп менен талкууланды.

Жыйынтыгында Алтынбек Максутов ар бир окуу жайдын талаптары жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, тиешелүү чечимдерди чыгаруу үчүн бардык жетекчилерге тез арада жогоруда көтөрүлгөн маселелерге негиздүү сунуштарды даярдоо тапшырмасын берди.

Андан соң, министрдин орун басары Айнура Аскарова 2022-жылдын декабрь айында Ташкент шаарында өткөн IX Эл аралык балдар сүрөттөрүнүн биенналисине катышкан Кыргызстандын көркөм окуу жайларынын окуучуларына берилген диплом жана сертификаттарды тапшырды.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу 2 жогорку окуу жай, 8 кесиптик орто окуу жайы, 88 балдардын музыкалык, искусство жана көркөм сүрөт мектептери бар.

Пикир

Оставить комментарий