• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Мамлекеттик ишканалардан алынган объектилер ижарага берилет же менчиктештирилет – Болсунбек Казаков

Коом 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. Мамлекеттик ишканалардан объектилерди алуу оптимизациялоодон кийин жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Болсунбек Казаков билдирди.

Эскерте кетсек, мурда “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы “кыргыз темир жолунун профсоюзу КТЖнын мүлкүн жаңы түзүлгөн “Мүлк” мамлекеттик ишканасынын директору - Орозбек Нусувалиевдин пайдасына мыйзамсыз жол менен алууга каршы масштабдуу каршылык акциясына даярданып жатат” деп билдирген.

Б.Казаковдун айтымында, чындыгында бардык мамобъектерди оптимизациялоо премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча жүргүзүлгөн.

“Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында мамлекеттик ишканалардын тармактык эмес жана киреше алып келбеген объектерин алуу чечими кабыл алынган. “Кыргыз темир жолу” МИден “Локомотив” муз аянтчасы алынууда, анткени ал тармактык объект болуп саналбайт жана акыркы бир нече жылдан бери зыян алып келүүдө. Мисалы, өткөн жылдагы зыяндын суммасы 21 млн сомду түзгөн”,-деди Б.Казаков.

Ошондой эле, ММБФнын башчысы муну менен катар “Военторг” дүкөнү жана “Теплые ключи” санаторийи алынганын белгиледи.

“Семетей” мейманканасына байланыштуу маселе өкмөт тарабынан каралууда. Мындан тышкары, пайда алып келбеген мамишканалар дагы ликвидацияланат, ал эми алардагы мүлктөр алынат. Андан кийин бул мүлктөрдүн бары “Мүлк” МИге берилет, ал конфискацияланган мүлктөрдү башкарат. Көрсөтүлгөн объектер боюнча алардын мындан аркы колдонушу боюнча чечим кабыл алынат. Алар же бизнес жүргүзүү үчүн ижарага берилет, же менчиктештирилет. Акыркы чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алат”,-деди ал.

Өз кезегинде “Кыргыз темир жолу” МИнин директору Алмазбек Ногойбаев “Кабар” агенттигине ишкананын кызматкерлери эч кандай митинг уюштурбай турганын билдирди.

“Мен аларга кандайдыр бир каршылык акциясына чыгууга тыюу салдым. Биздин профсоюз элдин тынчын алат. Маселе цивилизациялуу жол менен чечилет. Эч ким биздин ишканадан эч нерсе алууга камданган жок. Азыр сүйлөшүү жүрүп жатат”,-деди А.Ногойбаев.

А.Ногойбаев “Локомотив” чындыгында эле зыян алып келген объект болуп саналабы деген суроого жооп берген жок. “Спартак же Спорт сарайы пайда алып келген мамлекеттик объект болуп саналабы эмне?”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий