• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик лотерея компаниясы жоюлушу мүмкүн. Акылбек Жапаров ишкананын ишин сынга алды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Мамлекеттик лотерея компаниясы" мамлекеттик ишканасынын эки жылдан бери рентабелдүү эмес ишмердүүлүгүн сынга алды.

Акылбек Жапаров мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылган жыйында аталган ишкананы жоюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

"Эмне үчүн мамлекет пайда көрбөгөн, андан дагы монополист ишкананы кармап турушу керек?", - деп суроо салып, министрлер кабинетинин башчысы ар бир мамлекеттик компаниянын бизнес-планы жана процесстерди түшүнүүгө башкаруучулук мамилеси болушу керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий