• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик ЖМК кызматкерлеринин маянасы жай же күзгө чейин көтөрүлөт — Чыңгыз Эсенгул уулу

Коом 0

Бишкек, 01.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекеттик ЖМК кызматкерлеринин маянасын көтөрүү боюнча тапшырма койгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымында, Байсаловдун катышуусундагы жыйынга мамлекеттик телерадио компаниялардын жетекчилери катышкан.

“Ошол жерде айлык, гонорар жана дубляждын өлчөмүн көтөрүү маселеси айтылган. КТРК жана ЭлТР телеканалдары дубляж кылууга аракет кылышат. Бирок ал жердеги кызматкерлердин бир сааттык жумушу 280 сом экен. Баарыбызга белгилүү болгондой, 1-апрелден баштап бүт мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлүү алдында турат. Ал эми мамлекеттик ЖМКлардын кызматкерлеринин маянасы жай же күзгө чейин көтөрүү маселеси министрлер кабинетинде каралган”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий