• 88.68
  • 95
  • 0.95

Манас районунун бюджетинде 2,8 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Экономика 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. 2021-2022-жылдарга карата Манас районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, анын жыйынтыгында 2 млн 863,1 миң сом каржы бузуулар аныкталган, анын ичинен:

- эмгек акыны негизсиз төлөөлөр — 2 474,8 миң сом;

- курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы — 370,1 миң сом;

- эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз — 18,2 миң сом.

Мындан тышкары, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча бюджеттик жоготуулар аныкталып, Манас районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине, уюмдарына жана ишканаларына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий