• 88.68
  • 95
  • 0.95

Марипов: “Ак-Жол” бекетин модернизациялоонун максаты – жарандарга шарт түзүү

Коом 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. “Ак-Жол” – “Кордай” көзөмөл-өткөрүү бекетин модернизациялоонун негизги максаты кыргыз-казак чек арасынан өткөрдөргө шарт түзүү болуп саналат. Бул тууралуу КРнын премьер-министри Улукбек Марипов Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен биргеликте аталган бекетти ачуунун жүрүшүндө билдирди.

Ал бүгүнкү күндө көзөмөл бекетин модернизациялоо тууралуу эки өлкөнүн президенттеринин ортосундагы мындан мурда жетишилген макулдашуулар иш жүзүнө ашырылганын белгиледи.

“Чек арадан ыңгайлуу жана тез өтүү үчүн кошумча паспорттук текшерүү кабиналары тургузулду, алар жарандардын паспортторун текшерүү жана берүүнүн убагын кыйла кыскартат. Жалпысынан текшерип өткөрүү мүмкүнчүлүгү 2,5 эсе көбөйтүлдү. Ошондой эле биз эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусу менен өз ара туристтик агым, андан тышкары чет элдик туристтердин келиши көбөйөт деп күтөбүз”,-деди Марипов.

Кыргызстандын премьер-министри ачылыш аземдин катышуучуларын өткөрүү бекетинин ишке берилиши менен куттуктады.

Салтанаттуу сөз сүйлөөдөн кийин эки өлкөнүн премьер-министрлери “Ак-Жол” – “Кордай” көзөмөл бекетин ишке киргизүүгө расмий түрдө уруксат беришти.

Пикир

Оставить комментарий