• 88.68
  • 95
  • 0.95

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы SMS Taxi`ге 13 миң сом айып салды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.01.24. /Каба/. Монополияга каршы органга маалыматты өз убагында жана толук бербегендиги үчүн SMS Taxi`ге 13 миң сом айып пул салынды, деп билдирет Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.

Маалыматка ылайык, такси кызматынын рыногуна талдоо жүргүзүү максатында, КР "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамынын 14, 15-беренелердин негизинде кызмат "Инноа" ЖЧКсынан (SMS Taxi) 2020-2022-жылдарга карата керектүү маалыматтарды сураган.

"Инноа" ЖЧКсы суралган маалыматты өз убагында жана толук көлөмдө берген эмес.

Пикир

Оставить комментарий