• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Москва районунда мал уурдоого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Москва районунда мал уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москва райондук милициясына Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда ал 2022-жылдын август айында Москва районунун аймагындагы Кара-Суу жайлоосунан белгисиз адамдар үч баш жылкысын уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин уурулук беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип 45 жаштагы Ж.А. жана 27 жаштагы А.Ж. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий