• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Москва районунда суу бөлүштүрүүчү темир тосмолор уурдалган. Шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Москва районунда суу бөлүштүрүүчү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет.

2022-жылдын 14-январынан бүгүнкү күнгө чейин Беловодск жана Ак-Суу айылдарынын аймагындагы каналдардын суу бөлүштүрүүчү темир тосмолорун белгисиз бирөөлөр уурдап жатышкандыгы тууралуу 8 факты боюнча Москва РИИБне арыздар келип түшөн.

Ал кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн “Уурулук” аталашындагы рейд иш-чарасы учурунда жогорудагы кылмышка шектелип, 1999-жылы туулган К.С., С.А. жана 2001-жылы туулган К.Д. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий