• 88.68
  • 95
  • 0.95

Google сыяктуу чет элдик компаниялардан Кыргызстандын бюджетине I кварталда 188,9 млн сом түштү

Экономика 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. 2024-жылдын I кварталында чет элдик компаниялар Кыргызстандагы көрсөтүлгөн электрондук кызматтарга 188,9 миллион сом кошумча нарк салыгын төлөшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Анын ичинен эң көп салык төлөгөн компаниялар:

  • Meta – 69,1 млн сом,
  • iHerb – 46,7 млн сом,
  • Google – 32,2 млн сом,
  • Apple – 19,1 млн сом,
  • Amazon – 12,6 млн сом.

Салык кызматы 2023-жылы бул салыктын түрү боюнча 438,1 млн сом чогултту.

Учурда салык кызматынын vat.salyk.kg сервисинде 57 чет элдик компаниялар катталган.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын колдонуучуларына электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдар үчүн "Google салыгы" киргизилген.

КНСтин ставкасы көрсөтүлгөн кызматтардын суммасынын 12% түзөт.

Пикир

Оставить комментарий