• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаарынан Элдик курултайга барчу делегаттар аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 05.11.22. /Кабар/. Нарын шаарында Элдик курултайга катышууга делегаттарды тандоо жыйыны болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардын беш чөлкөмүнөн шайланган 200дөй делегат Эркин Асаналиев жана Назира Байгазиеваны Элдик курултайга делегат кылып шайлашты.

Эми делегаттар 25-ноябрда Элдик курултайга катышып, президент менен жолугушууда Нарын шаарынынын атынан кайрылууларды жолдошот.

Эске салсак, Элдик курултай Бишкекте 25-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий