• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаарында текстиль тигүү цехинин ачылышы болду

Аймак 0

Бишкеук, 10.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-февралда, Нарын шаарында жайгашкан "Нарын Сити" соода борборунун 3-кабатында “Нарын-Текстиль” тигүү цехинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А. Сапаров, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри М. Жунусов, Нарын шаардык ккеңешинин төрагасы А. Молдосалиев, депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Нарын шаарында түзүлгөн Naryn Textile жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Кайрат Жолдошбеков ишкананын аткарып жаткан иштери, келечектеги инвестициялык долбоорлор менен тааныштырды.

Азыркы учурда тигүү цехинде 50 жумушчу иш орду менен камсыз болду. Келечекте ишкананы чоңойтуп, 500 жумушчу орун менен камсыз кылуу планында бар экенин баса белгиледи.

Нарын шаардык мэриясынын колдоосу менен 4-5 айдын ичинде 500 орундуу тигүү цехи курулмакчы.

“Жер маселесин чечүүдө, ижара акысынан бошотуу, документтерди бүтүрүүгө жардам берүүгө даярбыз. Жеңил өнөр жайын өнүктүрүүдө ишкерлерге колдоо көрсөтүшүбүз зарыл ”- деди биринчи вице-мэр Жунусов.

Пикир

Оставить комментарий