• 88.68
  • 95
  • 0.95

Окуучулардын катышуусундагы жол кырсыгы. Бир бала жандандыруу бөлүмүндө жатат

Кырсык 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги "Кабар" агенттигине Бишкек – "Манас" аэропорту кең жолунда окуучуларды ташыган автобуста жол кырсыгына кабылган балдардын абалы тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кырсык болгон күнү ооруканага 27 бала түшкөн, анын ичинен 24ү жаткырылган.

Бүгүнкү күндө 16 бала ооруканадан чыгарылды, калган 8 окуучу андан ары дарылануусун улантат. Анын ичинен 1 бала жандандыруу бөлүмүндө, 1 бала травматологияда жана 6 бала нейрохирургия бөлүмүндө жатат.

Эскерте кетсек, 20-апрелде "Манас" аэропортуна баратка жолдо жол кырсыгы катталып, балдарды ташып бараткан автобус оодарылып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий