• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызмат адамдарына иш козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызмат адамдарына иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Ош шаардык билим берүү башкармалыгында текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 2022-жыл ичинде мамлекетке жалпы 1 млн 905 миң 987 сомдук ири өлчөмдө зыян келтиргендиги аныкталды.

Прокурордук текшерүүдө аталган башкармалыктын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башкармалыкта жана эч бир мектепте иштебеген тааныштарынын наамына ачылган банктык карталарына жалпы 1 млн 905 миң 987 сом акча каражатын эмгек акы үчүн деп мыйзамсыз которушуп, ал карталардан акчаларды чыгарышып, өздөрүнүн пайдасына сиңирип жок кылышкандыгы тастыкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий